КАЛЬМАРЛАР
КАЛЬМАРЛАР (Teythida) – баш буттуу моллюскалар түркүмү. Дене узундугу 2 смден 5 мге жетет. Ири кальмарлардын узундугу 6–13 мге (тинтүүрү м-н), кээде 18 мге, салмагы 300 кгдан 1 тга чейин жетет.

Башында 8 буту, 2 тинтүүрү бар. Тинтүүрүндө төрт же андан көбүрөөк катар соргучтары болот. Скелети мүйүз сымал ичке пластинка (гладиус). Бардыгынын радуласы ж-а сыя баштыкчалары бар. Тайыз сууда жашоочу кальмарлар түсүн өзгөртүп турат, тереңдегилери бир түстө же түссүз. Көбүнүн жарык чыгаруучу органдары бар. Кальмарлардын 25 тукуму, 85тен ашык уруусу, 250дөн ашык түрү Арктикадан Антарктидага чейин таралган. Кальмарлар – үйүрү м-н жүргөн активдүү жырткычтар. Деңиз түбүндөгүлөрү – аз кыймылдаган макропланктонофагдар. Кальмарлар – кашолоттун, ошондой эле кээ бир деңиз жаныбарларынын негизги азыгы. Кальмарлар – фармацевтика өнөр жайынын сырьё булагы болуп эсептелет.