ЗЕЛИНСКИЙ Николай Дмитриевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:03, 7 Август (Баш оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЕЛИ́НСКИЙ Николай Дмитревич [25. 1(6. 2). 1861, Тирасполь – 31. 7. 1953, Москва] – хи­мик-органик, СССР ИАнын академиги (1929), Москва университетинин профессору (1893). Социалисттик Эмгектин Баа­тыры (1945). Органикалык катализ жөнүндөгү окууга негиз салуу­чулардын бири, Новорос­сийск университетин (Одесса) бүтүр­гөн (1884). Зелинскийдин эки негиз­дүү органикалык кислоталардын стерео­химиясы, углеводороддор­дун химиясы, органикалык катализ ж. б. жөнүндөгү илимий иштери ке­ңири белгилүү.

Ал цикло­пентан ж-а циклогександы 1-жолу синтездеген. Цик­логександы ж-а анын бирикмелерин катализа­тордун катышуусунда дегидрогендөө ж-а нефти­ни крекингдөөдө кычкыл катализаторлорду колдонуу м-н ароматтуу углеводороддорду ал­ган. 1918–19-жылдарда соляр майы ж-а нефтини хлор­дуу ж-а бромдуу алюминийдин катышуусунда крекингдөөдөн бензин алуу методун иштеп чык­кан. Зелинский ж-а анын окуучулары парафиндерди ж-а олефиндерди кычкыл катализатордун жар­дамы м-н дегидрогендөө реакциясын изил­дешкен. Зелинскийдин адсорбция ж-а противогазды түзүү (1915) боюнча иштери жалпыга белгилүү. Ал хи­мик илимпоздордун чоң мектебин түзгөн. Д. И. Менделеев атындагы Бүткүл союздук химиялык коомдун ардактуу мүчөсү (1941). Лениндик сыйлыктын (1934), СССР мамлекеттик сыйлыктарынын (1942, 1946, 1948) лауреаты. Төрт Ленин, башка 2 орден ж-а медалдар м-н сыйланган.

Эмг.: Избранные труды. М., 1968.