ЗЕЛИНСКИЙ Николай Дмитриевич
ЗЕЛИ́НСКИЙ Николай Дмитревич [25. 1(6. 2). 1861-жылы туулган, Тирасполь – 31. 7. 1953, Москва] – химик-органик, СССР ИАнын академиги (1929), Москва университетинин профессору (1893). Социалисттик Эмгектин Баатыры (1945). Органикалык катализ жөнүндөгү окууга негиз салуучулардын бири, Новороссийск университетин (Одесса) бүтүргөн (1884). Зелинскийдин эки негиздүү органикалык кислоталардын стереохимиясы, углеводороддордун химиясы, органикалык катализ ж. б. жөнүндөгү илимий иштери кеңири белгилүү.

Ал циклопентан ж-а циклогександы 1-жолу синтездеген. Циклогександы ж-а анын бирикмелерин катализатордун катышуусунда дегидрогендөө ж-а нефтини крекингдөөдө кычкыл катализаторлорду колдонуу м-н ароматтуу углеводороддорду алган. 1918–19-жылдарда соляр майы ж-а нефтини хлордуу ж-а бромдуу алюминийдин катышуусунда крекингдөөдөн бензин алуу методун иштеп чыккан. Зелинский ж-а анын окуучулары парафиндерди ж-а олефиндерди кычкыл катализатордун жардамы м-н дегидрогендөө реакциясын изилдешкен. Зелинскийдин адсорбция ж-а противогазды түзүү (1915) боюнча иштери жалпыга белгилүү. Ал химик илимпоздордун чоң мектебин түзгөн. Д. И. Менделеев атындагы Бүткүл союздук химиялык коомдун ардактуу мүчөсү (1941). Лениндик сыйлыктын (1934), СССР мамлекеттик сыйлыктарынын бир нече жолку (1942, 1946, 1948) лауреаты. Төрт Ленин, башка 2 орден ж-а медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: Избранные труды. М., 1968.