КАФЕДРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́ФЕДРА (гр. kathtdra – отургуч) – 1) Байыр­кы Грекияда ж-а Римде философтор ж-а чечен­дер чыгып сүйлөөчү бийик орун; 2) христиан чир­көөсүндө үгүт-насыят айтуу үчүн секиче; 3) Таат­ибадат кылуу учурунда епископ отуруучу орун­дук; 4) лекция, доклад ж. б. окулуучу бийик орун; 5) ЖОЖдордо бир же бир нече илим б-ча окутуу, методикалык ж-а ил.-из. иштери, ил.- пед. кадрларды даярдоо ж. б. маселелер жагы­нан баш кошкон профессорлор ж-а окутуучу­лар бирикмеси. К-ны негизинен проф., илимд. доктору башкарат. Кырг-ндын ЖОЖдорунда түрдүү К-лар иштейт.