КАФЕДРА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КА́ФЕДРА (грекче kathtdra – отургуч) – 1) Байыркы Грекияда жана Римде философтор менен чечендер чыгып сүйлөөчү бийик орун; 2) христиан чиркөөсүндө үгүт-насыят айтуу үчүн секиче; 3) Таатибадат кылуу учурунда епископ отуруучу орундук; 4) лекция, доклад жана башкалар окулуучу бийик орун; 5) Жогорку окуу жайларда бир же бир нече илим боюнча окутуу, методикалык жана илимий-изилдөө иштери, илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана башка маселелер жагынан бириккен профессор, окутуучулар бирикмеси. Кафедраны негизинен профессор, илимдин доктору башкарат. Кыргызстандын жогорку окуу жайларында түрдүү кафедралар иштейт.