КАРТИНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРТИ́НА – өз алдынча көркөм мааниге ж-а мүнөзгө ээ болгон живопись чыгармасы; станок иск-восунун бир түрү. К-нын живопистик баш­ка чыгармалардан айырмасы: белгилүү бир орун м-н байланышпайт ж-а жасалга катары пайда­ланылбайт. Cтанок-мольбертте тартылып бүтүп– тегереги алкакталат. К. Кайра жаралуу доору­нан тартып кеңири тараган. Кыргыз живопис­чилеринин К-лары жерг. ж-а дүйнөлүк атактуу музейлерден орун алган.