КАРТИНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРТИ́НА – өз алдынча көркөм мааниге жана мүнөзгө ээ болгон живопись чыгармасы; станок искусствосунун бир түрү. Картинанын живопистик баш­ка чыгармалардан айырмасы: белгилүү бир орун менен байланышпайт жана жасалга катары пайда­ланылбайт. Cтанок-мольбертте тартылып бүтүп, тегереги алкакталат. Картина Кайра жаралуу доору­нан тартып кеңири тараган. Кыргыз живопис­чилеринин картиналары жергиликтүү жана дүйнөлүк атактуу музейлерден орун алган.