КАРКОЦКИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРКО́ЦКИЙ Григорий Григорьевич [13.6 (31. 5). 1917, Чита ш. – 14. 5. 1988, Фрунзе]

– драма артисти, Кыргыз ССР эл арт. (1967). Свердлов мамл. консерваториясын бүткөндөн (1945) Фрун­зедеги Н. К. Крупская атн.
Орус драма театрында (азыр­кы Ч. Айтматов атн. Улут­тук орус драма театры) иш­теген. Театрда иштеген 30 жыл ичинде 130дан ашык роль аткарган. Негизгилери: Митя (А. Островский, «Ке­дейлик кемтик эмес», 1947), Курочкин (Н. Дьяков, «Сеп­түү той», 1950), Адыл (К. Эш-мамбетов, «Саринжи», 1958), Рыбаков (Н. По­годин, «Кремль куранттары», 1956), Нурдин (Т. Абдумомунов, «Абийир кечирбейт», 1962) ж. б. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.