КАРКОЦКИЙ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРКО́ЦКИЙ Григорий Григорьевич [13. 6 (31. 5). 1917, Чита шаары – 14. 5. 1988, Фрунзе (Бишкек) шаары]

– драма артисти, Кыргыз ССР эл артисти (1967). Свердлов мамлекеттик консерваториясын бүткөндөн (1945) Фрунзедеги Н. К. Крупская атындагы орус драма театрында (азыркы Ч. Айтматов атындагы Улуттук орус драма театры) иштеген.
Театрда иштеген 30 жыл ичинде 130дан ашык роль аткарган. Негизгилери: Митя (А. Островский, «Кедейлик кемтик эмес», 1947), Курочкин (Н. Дьяков, «Септүү той», 1950), Адыл (К. Эшмамбетов, «Саринжи», 1958), Рыбаков (Н. Погодин, «Кремль куранттары», 1956), Нурдин (Т.Абдумомунов, «Абийир кечирбейт», 1962) жана башкалар. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.