КАРАКОЛ МУЗЫКАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ
КАРАКОЛ МУЗЫКАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ Ы. Туманов атн. 1976-ж. ачылган. Окуу жайынан фортепьяно, элдик кылдуу чертме, тартма, үйлөмө, урма аспаптар, ырдоо, хор дирижёру, музыканын теориясы, эстрада б-ча адистикке ээ болушат. 1994-ж. Ы. Тумановдун ысмы берилген. Окуу жайын бүткөндөрдүн көбү Кыргыз улуттук консерваториясынан, Б. Бейшеналиева атн. КМИИден окуусун улантат. Окуу жайы ачылгандан бери 1 миң 500дөн ашуун өнөрпоз бүтүрдү (2008), а. и. КРдин эл арт. Т. Жакшылыков, артисттер Д. Акулова, Р. Абдувалиева, Н. Орозалиева, У. Тилегенов, Кеңеш уулу Эрдик, Т. Керимбеков ж. б. бар. Окуу жайынын алдында хор, эл аспаптар оркестри, фольклордук ж. б. ансамблдер уюшулган.