КАРАКОЛ МУЗЫКАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ
КАРАКОЛ МУЗЫКАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ Ы. Туманов атында, 1976-жылы ачылган. Окуу жайынан фортепьяно, элдик кылдуу чертме, тартма, үйлөмө, урма аспаптар, ырдоо, хор дирижёру, музыканын теориясы, эстрада боюнча адистикке ээ болушат. 1994-жылы Ы. Тумановдун ысмы берилген. Окуу жайын бүткөндөрдүн көбү Кыргыз улуттук консерваториясынан, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз музыкалык искусство институтунан окуусун улантат. Окуу жайы ачылгандан бери 1 миң 500дөн ашуун өнөрпоз бүтүрдү (2008), анын ичинде Кыргыз Республикасынын эл артисттери Т. Жакшылыков, артисттер Д. Акулова, Р. Абдувалиева, Н. Орозалиева, У. Тилегенов, Кеңеш уулу Эрдик, Т. Керимбеков жана башкалар бар. Окуу жайынын алдында хор, эл аспаптар оркестри, фольклордук жана башка ансамблдер уюшулган.