КАЛМАТАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:23, 14 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛМАТАЙ – Ош облусунун Кара-Кулжа районун­дагы кыштак. Карагуз айыл округуна караш­туу. Карагуз суусунун (Тардын куймасы) чаты­на жакын, деңиз деңгээлинен 1240 м бийикте жайгаш­кан. Райондун борбору Кара-Кулжа кыштагынан 13 км батыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 102 км. Калкы 1235 (2010); негизинен мал м-н алектенип, дыйканчылыкта эмгектенет.