КАЛМАНОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛМАНОВ Жанчар (15. 6. 1936-ж. т., Жайыл р-ну, Эриктүү кыш.) – Кыргыз ССРинин мамл. сыйл. лауреаты (1974). ФПИни бүткөн (1958). Кызыл-Кыя шахтасында тоо-кен мастери (1958– 61), Кыргыз ССР ИАнын Тоо тектеринин физи­касы ж-а механикасы ин-тунда кенже ил. кызматкер (1961–64), аспирант (1964–67), СССР Көмүр ө. ж. министрлигинде инженер, жетектөөчү инженер (1967–78), министрдин орун басарынын жардамчысы (1978–80), Кыргыз ССР курулуш материалдар ө. ж. министринин орун басары (1981–91), «Кыргыз курулуш материалдар» кон­цернинин төрагасынын 1-орун басары (1991), «Кыргыз таш» бирикмесинин директору (1992). Бир монография, 3 автордук күбөлүктүн ээси.