КАЛМАНОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛМАНОВ Жанчар (15. 6. 1936-жылы туулган, Жайыл району, Эриктүү кыштагы) – Кыргыз ССРинин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1974). ФПИни бүткөн (1958). Кызыл-Кыя шахтасында тоо-кен мастери (1958–61), Кыргыз ССР ИАнын тоо тектеринин физи­касы ж-а механикасы институтунда кенже илимий кызматкер (1961–64), аспирант (1964–67), СССР көмүр өнөр жай министрлигинде инженер, жетектөөчү инженер (1967–78), министрдин орун басарынын жардамчысы (1978–80), Кыргыз ССР курулуш материалдар өнөр жай министринин орун басары (1981–91), «Кыргыз курулуш материалдар» кон­цернинин төрагасынын 1-орун басары (1991), «Кыргыз таш» бирикмесинин директору (1992). Бир монография, 3 автордук күбөлүктүн ээси.