КАЛЛАУР
КАЛЛА́УР Василий Андреевич (1838 – 1918 же 1919) – чыгыш таануучу. Археологияны сүйүүчүлөрдүн түркстандык ийриминин (ТКЛА) активдүү мүчөсү, археол., этногр. материалдарды, кол жазмаларды, документтерди, о. эле тарыхый топография ж-а топонимика б-ча маалыматтарды жыйноочу. Кырг-ндын Талас өрөөнүн-

дөгү Айыртам-Ой (азыркы Кырк-Казык айылы турган аймак) деген жерден байыркы түрктөрдүн руникалык жазуусу чегилген 5 эстелик ташты (1896–1998) биринчи ачкан адам катары түркологиянын тарыхына кирген. Бул эстеликтерди В. В. Радлов, П. М. Мелиоранский, С. Е. Малов, Х. Н. Оркун ж. б. окуп, жарыялаган. К. ошол кезде падышалык администрациянын О. Азиядагы өкүлү – Олуя-Ата уездинин (1876), кийин Перовский уездинин (азыркы Кызыл-Ордо обл., Казакстан Респ.) начальниги болгон. Полковник чинин алган. 1908–09-ж. Түркстан крайындагы кызматын калтырып, Киевге көчүп кеткен.
Эмг.: Археологическая поездка по Аулиеатинскому уезду// ПТКЛА, год 2, 1897; Камень с древнетюркской надписью из Аулиеатинского уезда // ЗВОРАО, II, 1899; Новая археологическая находка в Аулиеатинском уезде//Туркестанкие ведомости, 1898, ¹ 48, 52.
Ад.: Малов С. Е. Таласские эпиграфические памятники // Материалы Узкомстариса, Вып. 6–7. М.; Л.,
1936; Мелиоранский П. М. По поводу новой археологической находки в Аулиеатинском уезде // ЗВОРАО, II, 1899; Джумагулов Ч. Эпиграфика Киргизии. Вып.
3. Ф., 1987.
Ч. Жумагулов.