КАЛЛАУР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛЛА́УР Василий Андреевич (1838 – 1918 же 1919) – чыгыш таануучу. Археологияны сүйүү­чүлөрдүн түркстандык ийриминин (ТКЛА) ак­тивдүү мүчөсү, археологиялык, этнографиялык материалдарды, кол жазмаларды, документтерди, ошондой эле тары­хый топография ж-а топонимика боюнча маалы­маттарды жыйноочу. Кыргызстандын Талас өрөөнүн-

Каллаур тапкан 2-Та­лас эстелиги. Кыргыз мамлекеттик тарых музейи.

дөгү Айыртам-Ой (азыркы Кырк-Казык айылы турган аймак) деген жерден байыркы түрктөрдүн руникалык жазуусу чегилген 5 эстелик ташты (1896–1898) биринчи ачкан адам катары түрко­логиянын тарыхына кирген. Бул эстеликтерди В. В. Радлов, П. М. Мелиоранский, С. Е. Малов, Х. Н. Оркун ж. б. окуп, жарыялаган. Каллаур ошол кезде падышалык администрациянын Орто Азия­дагы өкүлү – Олуя-Ата уездинин (1876), кийин Перовский уездинин (азыркы Кызыл-Ордо облусу, Казакстан Республикасы) начальниги болгон. Полковник чинин алган. 1908–09-жылдарда Түркстан крайындагы кызматын калтырып, Киевге көчүп кеткен.


Эмг.: Археологическая поездка по Аулиеатинскому уезду// ПТКЛА, год 2, 1897; Камень с древнетюрк­ской надписью из Аулиеатинского уезда // ЗВОРАО, II, 1899; Новая археологическая находка в Аулие­атинском уезде//Туркестанкие ведомости, 1898, № 48, 52.

Ад.: Малов С. Е. Таласские эпиграфические памят­ники // Материалы Узкомстариса, Вып. 6–7. М.; Л., 1936; Мелиоранский П. М. По поводу новой археоло­гической находки в Аулиеатинском уезде // ЗВОРАО, II, 1899; Джумагулов Ч. Эпиграфика Киргизии. Вып. 3. Ф., 1987.

Ч. Жумагулов.