КАЛКАНБАЕВА Чолпон
КАЛКАНБАЕВА Чолпон (24. 2. 1958-ж. т., Нарын обл., Кочкор р-ну, Көк-Жар айылы) – медицина илимд. доктору (2003), проф. (2009). КММИни бүтүргөн (1981). Чүй обл-ндагы Токмок ш-нын төрөт үйүндө врач-интерн (1981–82), Кемин р-нундагы Боролдой участкалык ооруканада гинеколог (1982–84), Фрунзе ш-дагы ¹ 4 клиникалык төрөт үйүндө акушер-гинеколог (1984–87), КММИде ассистент, доцент (1987– 2000), 2001-жылдан КММАда доцент, 2003-жылдан проф. Саламаттык сактоонун отличниги (2002). Ил. багыты – климакс ж-а йод жетишсиз абал, кош бойлуулук ж-а остеопороз ж. б. 80ден ашык ил. эмгеги, а. и. 1 монография, 3 окуу куралы бар.
Эмг.: Особенности становления и реализации репродуктивной функции у женшин с эндемическим зобом.
Б., 2002; Этиопатогенез, клиника, диагностика, лечение. Б., 2009;