ИБН ХАУКАЛ
ИБН ХАУКАЛ , А б у-л К а с ы м ан-Насиби и б н Х а у к а л (туулган, өлгөн жылы белгисиз) – араб тарыхчысы, географ. Саякатчы катары да белгилүү. Ибн Хаукал жөнүндө маалымат өтө аз. Кээ бир маалыматтар боюнча Ибн Хаукал Жогорку Месопотамиянын Насибин шаарында туулган. Ал Азия, Африка, Европанын көп жерин кыдырган, бирок Мавераннахрда болгону так эмес. Ибн Хаукал өз китебин Истахри Абу Исках сыяктуу «Китаб ал-масалик ва-л-мамалик» («Өлкөлөр менен жолдордун китеби») деп атаганы м-н, кээ бир бөлүмдөрүндө «Китаб сурат ал-ард» («Жердин турпаты жөнүндө китеп») деген аталышты колдонгон. Бул китеп биринчи жолу 952–67-жылдарда аралыгында, экинчи жолу 977-жылы редакцияланган. Түрк уруулары жашаган жер чегинин жалпы абалына кошуп, Орто Азия элдеринин тарыхый географиялык, этнографиялык абалы, жаратылышы тууралуу маанилүү кабар берет. «Мавераннахр» деген бөлүмүндө Бухара, Самаркан, Ушрусан, Исфижаб, Шаш, Фергана, Хорезм жерлеринин борбору, шаар-кыштактар да сүрөттөлөт. Китептин акыркы бөлүмүндө азыркы Кыргызстан аймагындагы шаарлар, жолдор, жер байлыктары жөнүндө маалыматтар бар. Ибн Хаукал өз эмгегинде Орто Азия элдери тууралуу кабарларды башка авторлордун эмгегинен (ибн Хордадбек, ал-Жайхани, Кудама ибн-Жафар) тандап алганына карабай, ал китептеги көп маалыматтар башка авторлордо жолукпайт. Мисалы, Ибн Хаукал боюнча хирхиздердин (кыргыз) жери түрк уруулары м-н, тактап айтканда огуздарга чектешкени ал-Истахриде жок. Ибн Хаукалдын эмгеги алгач 1873-жылы француз, кийин 1938-жылы латын тилинде жарык көргөн.
Ад.: Крачковский И. Ю. Арабская географическая литература // Изб. соч. Т. IV. М.; Л., 1957; Источниковедение Кыргызстана. Б., 1996; 2-е доп. изд. 2004.
Т. Жуманалиев.