ИБН ХАУКАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИБН ХАУКАЛ , А б у-л К а с ы м ан-Насиби и б н Х а у к а л (туулган, өлгөн жылы белгисиз) – араб тарыхчысы, географ. Саякатчы катары да бел­гилүү. Ибн Хаукал жөнүндө маалымат өтө аз. Кээ бир маа­лыматтар боюнча Ибн Хаукал Жогорку Месопотамиянын Насибин шаарында туулган. Ал Азия, Африка, Ев­ропанын көп жерин кыдырган, бирок Маве­раннахрда болгону так эмес. Ибн Хаукал өз китебин Истахри Абу Исках сыяктуу «Китаб ал-маса­лик ва-л-мамалик» («Өлкөлөр менен жолдор­дун китеби») деп атаганы менен, кээ бир бөлүм­дөрүндө «Китаб сурат ал-ард» («Жердин турпа­ты жөнүндө китеп») деген аталышты колдон­гон. Бул китеп биринчи жолу 952–967-жылдарда ара­лыгында, экинчи жолу 977-жылы редакцияланган. Түрк уруулары жашаган жер чегинин жалпы абалына кошуп, Орто Азия элдеринин тарыхый ­географиялык, этнографиялык абалы, жаратылышы тууралуу маанилүү кабар берет. «Мавераннахр» деген бөлүмүндө Бухара, Самарканд, Ушрусан, Исфи­жаб, Шаш, Фергана, Хорезм жерлеринин бор­бору, шаар-кыштактар да сүрөттөлөт. Китептин акыркы бөлүмүндө азыркы Кыргызстандын аймагында­гы шаарлар, жолдор, жер байлыктары жөнүндө маа­лыматтар бар. Ибн Хаукал өз эмгегинде Орто Азия элде­ри тууралуу кабарларды башка авторлордун эм­гегинен (ибн Хордадбек, ал-Жайхани, Кудама ибн-Жафар) тандап алганына карабай, ал ки­тептеги көп маалыматтар башка авторлордо жо­лукпайт. Мисалы, Ибн Хаукал боюнча хирхиздердин (кыр­гыз) жери түрк уруулары менен тактап айтканда огуздарга чектешкени ал-Истахриде жок. Ибн Хаукалдын эмге­ги алгач 1873-жылы француз, кийин 1938-жылы ла­тын тилинде жарык көргөн.

Ад.: Крачковский И. Ю. Арабская географическая литература // Изб. соч. Т. IV. М.; Л., 1957; Источнико­ведение Кыргызстана. Б., 1996; 2-е доп. изд. 2004.



Т. Жуманалиев.