КАТУУ ДИСК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТУУ ДИСК , в и н ч е с т е р – дисктин бир түрү. Бир нече диск цилиндр сыяктуу биринин үстүнө экинчиси жайгаштырылып, айландыруу­чу моторго туташтырылган ж-а ар бир диск окуу-жазуу куралы м-н камсыз кылынган түзү­лүш. Флоппи дискке караганда К. д-те жетүү өтө тез аткарылат ж-а анын эсинин көлөмү чоң. К. д-ти сактоо мүмкүнчүлүгү: берилиштер К. д-тин эки тарабына (бетине) сакталат. Эгер­де диск киргизгичте бир К. д. орнотулса, анда сактоо үчүн эки бет, эгерде эки К. д. болсо анда төрт бет ж. б. пайдаланылат. Дискет сыяктуу К. д-ти да колдонуу алдында калыптап (фор­маттап) алуу керек. Форматтоо алдында кол­донуучунун каалоосу м-н К. д-ти логикалык диск деп аталган бир нече бөлүккө бөлүп коюу мүмкүн­чүлүгү каралган. Ар бир логикалык диск өзүнчө диск катары каралып, аларга ар башка бөлүм­дөрдүн берилиштерин сактоого, о. эле бөлүктөр­дүн ар бирине ар башка иштетүү системасын ор­нотууга болот. Жеке компьютердеги К. д-тин логикалык бөлүктөрү Сден башталып, латын ариптеринин ирети м-н аталат. А ж-а В арип­тери м-н флоппи диск тейлегичтери белгиленет. К. д-тин көлөмү мегабайт, гигабайт, терабайт же петабайт м-н өлчөнөт. Заманбап жеке ком­пьютердин К. д-теринин сактоо көлөмү бир гига­байттан бир нече ондогон гигабайтка чейин жет­ти. Бир гигабайт эске ар бир барагы 2000 сим­волдон турган 500000 барак маалымат сакталат.