КАТУУ ДИСК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТУУ ДИСК , в и н ч е с т е р – дисктин бир түрү. Бир нече диск цилиндр сыяктуу биринин үстүнө экинчиси жайгаштырылып, айландыруу­чу моторго туташтырылган ж-а ар бир диск окуу-жазуу куралы м-н камсыз кылынган түзү­лүш. Флоппи дискке караганда катуу дискте жетүү өтө тез аткарылат ж-а анын эсинин көлөмү чоң. Катуу дискти сактоо мүмкүнчүлүгү: берилиштер катуу дисктин эки тарабына (бетине) сакталат. Эгер­де диск киргизгичте бир катуу диск орнотулса, анда сактоо үчүн эки бет, эгерде эки катуу диск болсо анда төрт бет ж. б. пайдаланылат. Дискет сыяктуу катуу дискти да колдонуу алдында калыптап (фор­маттап) алуу керек. Форматтоо алдында кол­донуучунун каалоосу м-н катуу дискти логикалык диск деп аталган бир нече бөлүккө бөлүп коюу мүмкүн­чүлүгү каралган. Ар бир логикалык диск өзүнчө диск катары каралып, аларга ар башка бөлүм­дөрдүн берилиштерин сактоого, ошондой эле бөлүктөр­дүн ар бирине ар башка иштетүү системасын ор­нотууга болот. Жеке компьютердеги катуу дисктин логикалык бөлүктөрү Сден башталып, латын ариптеринин ирети м-н аталат. А ж-а В арип­тери м-н флоппи диск тейлегичтери белгиленет. Катуу дисктин көлөмү мегабайт, гигабайт, терабайт же петабайт м-н өлчөнөт. Заманбап жеке ком­пьютердин катуу дисктеринин сактоо көлөмү бир гига­байттан бир нече ондогон гигабайтка чейин жет­ти. Бир гигабайт эске ар бир барагы 2000 сим­волдон турган 500000 барак маалымат сакталат.