КАТОЛИЦИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТОЛИЦИ́ЗМ (гр. Katholikjs – жалпы, аалам­дык) – христианчылыктагы негизги агымдар­дын бири (православие ж-а протестантизм м-н катар). Батыш Европа (Италия, Испания, Пор­тугалия, Германия, Франция, Бельгия, Ирлан­дия, Австрия, Польша, Венгрия, Чехия, Сло­вакия ж. б.) ж-а Латын Америка өлкөлөрүнүн көпчүлүк калкы К-ди тутат, о. эле Кубада, Бал­тика боюнда ж-а Беларуссия м-н Украинанын батыш обл-нда да католиктер басымдуулук кылат. К. динин туткандардын саны 1,7 млрд, а. и. 5 миң епископ, 400дөн ашык поп, 30 миң­ден ашык дьякон, 800 миң монахинья, 55 миң монах ж-а 100 миңдей дин семинариясы бар (2000). К. 3–5-к-да Рим империясынын батыш ж-а чыгыш бөлүгүндө пайда болуп, көп кылым­дар бою Батыш Европада үстөмдүк кылган.
Христиан чиркөөсү 1054–1204-ж. католик ж-а православие чиркөөлөрүнө бөлүнгөн. 16-к-да К-ден протестантизм ажырап чыккан. Католик чиркөөсүнүн уюштурулушу бекем борборлошту­рулгандыгы ж-а иерархиялык мүнөзү м-н айыр­маланат. Монархиялык борбору – папачылык, башчысы – Рим папасы, анын резиденциясы – Ватикан. К-дин расмий филос. доктринасы – неотомизм (Фома Аквинскийдин окуусуна не­гизделет). Диний ишеним окуусунун булагы – Ыйык жазуу (Библия) ж-а Ыйык уламыш. Ка­толик чиркөөсү православие чиркөөсүнөн айыр­маланып, догматтарды өнүктүрүү принцибин ж-а диний ырым-жырымдарды да колдойт. Бул принцип б-ча чиркөө соборлору жаңы догмат­тарды [Толед соборунда К-дин (Троица ж-дөгү) «филиокве» (лат. Filiogue – уулдан дагы) дог­матында Ыйык Рухту Ата Кудай гана эмес, Уул Кудай да жараткан деп эсептейт (589); Ферраро- Флорентий соборунда «тазартуу» тууралуу дог­мат (1439); I Ватикан соборунда Рим папасы­нын жаңылбастыгы (К-де дин кызматкерлери никеге кирбөөгө, үй-бүлө, бала, чарба күтпөөгө ант беришет) ж-дөгү догмат (1870); Ыйык Ма­риянын айыпсыз кош бойлуу болушу ж-дө дог­мат (1954); Ыйык Мариянын өлгөндөн кийин кайып болуп кетиши тууралуу догмат (1950) ж. б.] кабыл алууга толук укуктуу. К. Рим па­пасын чиркөө башчысы гана эмес, Христостун мурасчысы, христиандардын атасы ж-а устаты деп атайт. К-де дин кызматкерлери Кудайды нан ж-а вино (нан – Христостун денесинин, вино – канынын символу) м-н эскерип, үстүнөн суу куюу аркылуу чокундуруу ырымы аткарылат. Католиктер латын тилинде жазылган Библия­ны гана мыйзамдуу (канондуу) деп эсептешип, аны башка тилдерге которууга тыюу салышкан. 1962-жылдан II Ватикан соборунун чечими м-н диний кызмат жерг. элдин тилинде жүргүзүлөт. Рим-католик чиркөөсү өз бийлигин динсиз мам­лекеттерге орнотууга ж-а аларды саясий тескөөгө алууга умтулган. Ошондуктан Батыш Европа­нын о. кылымдардагы тарыхы Рим папалары­нын чиркөөгө баш ийбеген динсиз мамлекеттерге каршы тынымсыз күрөшү м-н коштолгон. К-де зомбулук христиан динин орнотуунун, таратуу­нун ж-а коргоонун негизги каражаты болуп са­налган. Ошол максатта католиктер тарабынан түзүлгөн аскерлештирилген уюмдар ж-а кечил­дик ордендер еретиктерге каршы күрөшүп, инк­визиция сотун негиздешкен. Кудайды таанып­билүү акыл м-н илимдин жардамысыз эч мүмкүн эмес деген түшүнүк калыптанган. Азыркы К-де катуу тартипти карманган дин кызматчылары­нан турган армиясы, көптөгөн монахтык орден­дери, миссионердик, кайрымдуулук ж. б. диний уюмдары ж-а мекемелери, о. эле саясий партия­лары, профсоюздары, жаштар ж-а аялдар би­рикмелери ж. б. светтик массалык уюмдары бар. Диний идеология ж-а социалдык-саясий идея­ларды таратуу үчүн радио, кино, телекөрсөтүү, басмакана ж-а католиктик окуу жайлары пай­даланылат.

Т. Өмүрова.