КАТМАР
КАТМАР г е о л о г и я д а – ар кандай курамдагы, түрдүү түзүлүштөгү тектердин бир нече кабаттан турган жыйындысы. Ар бир кабаты литол. курамы м-н мүнөздөлөт. Чөкмө, жанартоо, метаморфизмделген тектердин ар бири өз алдынча же аралаш орун алат. Фациялык, литол., палеонтол. өзгөчөлүктөрү м-н айырмаланат. Геол. жашы, калыңдыгы ар кандай. Чек аралары стратигр. шкалага (жалпы ж-а жерг.) туура келбейт. Геол. практикада тоо тектерине тиешелүү ат колдонулат.