КАТЕГОРИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТЕГО́РИЯ (гр. каt–goria – белги, ой-пикир) т и л и л и м и н д е – семантикалык белгилер­дин жалпылыгы б-ча өз ара байланышкан ж-а өз алдынча бир система түзүп турган тилдик маа­нилер. Кыргыз тилиндеги таандык, жак мүчө­лөр үч жакты билдирүү м-н өз ара бирдик түзөт. К. түрлөргө семантикасына (денотациялык сөздүн өзү ж-дөгү, семантика-синтаксистик – сөздүн мааниси, колдонулушу ж-дөгү ж. б.), алардын тигил же бул тилде аткарар милдети­не (граммат., граммат. эмес), айтылыш жолдо­руна (морфол., лексикалык, синтаксистик) жа­раша ажырайт. Бир тилге зарыл К. экинчи бир тилге зарыл болбошу мүмкүн. Мис., род К-сы орус тилинде бар, кыргыз тилинде зарылдыгы жок. Жак К-лары лексикалык каражаттар м-н ишке ашат. Граммат. (зарыл) К. ошол тилде туруктуу иерархиялык система түзөт. Мис., кыр­гыз тилиндеги этиштерге жак, чак, сан, ыңгай, мамиле К-лары мүнөздүү.