КАТЕГОРИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТЕГО́РИЯ (гр. каt–goria – белги, ой-пикир) т и л и л и м и н д е – семантикалык белгилер­дин жалпылыгы боюнча өз ара байланышкан ж-а өз алдынча бир система түзүп турган тилдик маа­нилер. Кыргыз тилиндеги таандык, жак мүчө­лөр үч жакты билдирүү м-н өз ара бирдик түзөт. Категория түрлөргө семантикасына (денотациялык сөздүн өзү жөнүндөгү, семантика-синтаксистик сөздүн мааниси, колдонулушу жөнүндөгү ж. б.), алардын тигил же бул тилде аткарар милдети­не (грамматикалык, грамматикалык эмес), айтылыш жолдо­руна (морфологиялык, лексикалык, синтаксистик) жа­раша ажырайт. Бир тилге зарыл категория экинчи бир тилге зарыл болбошу мүмкүн. Мисалы, род категориясы орус тилинде бар, кыргыз тилинде зарылдыгы жок. Жак категориялары лексикалык каражаттар м-н ишке ашат. Грамматикалык (зарыл) категория ошол тилде туруктуу иерархиялык система түзөт. Мисалы, кыр­гыз тилиндеги этиштерге жак, чак, сан, ыңгай, мамиле категориялары мүнөздүү.