КАТАБОЛИЗМ
КАТАБОЛИ́ЗМ (гр. katabole – ажыроо), д и сс и м и л я ц и я – тирүү организмде кармалган же тышкы чөйрөдөн алынган татаал азык заттардын – белоктор, нуклеин к-талары, углеводдор, липиддер ж-а майлардын ферменттик реакциянын жардамы м-н ажырашы. Организмдеги зат алмашуунун анаболизмге карама-каршы процесси. К. реакцияларында орг. молекулалардагы хим. байланыштардан энергия бөлүнүп чыгып, АТФтин фосфаттык байланыштарынын энергиясына айланат. АТФтеги энергия анаболизм реакцияларынын жүрүшүнө ж-а организмдин башка тиричилигине жумшалат. К. аэробдук чөйрөдө дем алуу (кычкылдануу), анаэробдук шартта ачып-кычуу жолдору м-н жүрөт. Аэробдук дем алууда орг. заттар акыркы затка (СО2 ж-а Н2О) чейин толук ажырап, энергия көп бөлүнүп чыгат. Ачууда заттар толук ажырабай, энергия аз бөлүнүп чыгып, акыркы заттары – ар түрдүү спирттер, орг. к-талар (сүт, май, лимон ж. б.) алынат.