КАТАБОЛИЗМ
КАТАБОЛИ́ЗМ (гр. katabole – ажыроо), д и с с и м и л я ц и я – тирүү организмдеги же тышкы чөйрөдөн алынган татаал азык заттардын – белоктор, нуклеин кислоталары, углеводдор, липиддер ж-а майлардын ферменттик реакциянын жардамы м-н ажырашы. Организмдеги зат алмашуунун анаболизмге карама-каршы процесси. Катаболизм реакцияларында органикалык молекулалардагы химиялык байланыштардан энергия бөлүнүп чыгып, АТФтин фосфаттык байланыштарынын энергиясына айланат. АТФтеги энергия анаболизм реакцияларынын жүрүшүнө ж-а организмдин башка тиричилигине жумшалат. Катаболизм аэробдук чөйрөдө дем алуу (кычкылдануу), анаэробдук шартта ачып-кычуу жолдору м-н жүрөт. Аэробдук дем алууда органикалык заттар акыркы затка (СО2 ж-а Н2О) чейин толук ажырап, энергия көп бөлүнүп чыгат. Ачууда заттар толук ажырабай, энергия аз бөлүнүп чыгып, акыркы заттары – ар түрдүү спирттер, органикалык кислоталар (сүт, май, лимон ж. б.) алынат.