КАССА ТЕРМИНАЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́ССА ТЕРМИНАЛЫ – каржы иштерин кат­тоо ж-а эсептөө үчүн компьютерлешкен касса аппараты. К. т-нда жасалган ар бир иш сак­талып жумуш күндүн аягында текшерилет. К. т-нан алынган маалымат товардын запасын ж-а абалын көзөмөлдөө үчүн борбордук компью­терге берилет. К. т-нын кээ бир түрү автомат­тык түрдө акча кайрып берүү жөндөмдүүлүгүнө ээ. К. т-нын түзүмүнө: атайын штрих коддорду окуу м-н андан өткөн товарлар б-ча маалымат берүүчү оптикалык түзүлмө да кирет.