КАССА ТЕРМИНАЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́ССА ТЕРМИНАЛЫ – каржы иштерин кат­тоо ж-а эсептөө үчүн компьютерлешкен касса аппараты. Касса терминалында жасалган ар бир иш сак­талып жумуш күндүн аягында текшерилет. Касса терминалынан алынган маалымат товардын запасын ж-а абалын көзөмөлдөө үчүн борбордук компью­терге берилет. Касса терминалынын кээ бир түрү автомат­тык түрдө акча кайрып берүү жөндөмдүүлүгүнө ээ. Касса терминалынын түзүмүнө: атайын штрих коддорду окуу м-н андан өткөн товарлар боюнча маалымат берүүчү оптикалык түзүлмө да кирет.