КАСКАДЁР
КАСКАДЁР – 1) сахна өнөрүнүн айрым түрлөрүндө (негизинен кинодо) ден соолукка ж-а өмүргө коркунуч келтирүүчү ар кандай трюктарды (бийиктен секирүү, ат ж-а башка айбанаттардын катышуусундагы трюктар, транспорт каражаттарын өтө ылдам айдоо же кагылыштыруу ж. б.) даярдоо ж-а аткаруу; 2) ушул кесипти аркалаган адам. Кыргыз К-лору ар түрдүү, айрыкча ат м-н аткарылуучу трюктарды мыкты аткарышат. Кыргыз К-ру Ү. Кудайбергенов Гиннес китебине кирген.