КАСКАДЁР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАСКАДЁР – 1) сахна өнөрүнүн айрым түрлө­рүндө (негизинен кинодо) ден соолукка жана өмүр­гө коркунуч келтирүүчү ар кандай трюктарды (бийиктен секирүү, ат жана башка айбанаттар­дын катышуусундагы трюктар, транспорт ка­ражаттарын өтө ылдам айдоо же кагылышты­руу жана башкалар) даярдоо жана аткаруу; 2) ушул кесип­ти аркалаган адам. Кыргыз каскадёрлору ар түрдүү, айрыкча ат менен аткарылуучу трюктарды мык­ты аткарышат. Кыргыз каскадёру Ү. Кудайбергенов Гиннес китебине кирген.