КАСКАД ТООЛОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАСКА́Д ТООЛОРУ – Түн. Америка Кордилье­расынын батыш тилкеси, АКШнын батышын­да, бир аз бөлүгү Канадада. Уз. 1000 кмдей. Неги­зинен кристаллдык тоо тектерден турат. Кырын өчкөн ж-а аракеттеги жанартоо конустары (Рей­нир, бийикт. 4392 м); Шаста 4317 м; Лассен- Пик (3187 м) түзөт. Капталдарын ийне жал­бырактуу токой, субальп ж-а альп шалбаасы ээлейт. Мөңгүлүү. Улуттук парктар (Крейтер- Лейк, Маунт-Рейнир, Лассен-Волканик) бар. Аты андан башталган Колумбия, Фрейзер д-нда теп­кичтүү шаркыратмалардын (каскад) көптүгүнөн ушундай аталган. О. эле к. Кордильера тоолору.