КАРЫМШАКОВ Абдыкасым

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРЫМШАКОВ Абдыкасым (1913, Жети-Суу обл., Пржевальск уезди, (азыркы Ысык-Көл обл., Түп р-ну)

Күрмөнтү кыш. – 6. 8. 1997, ошол эле жер) – Даңк орденинин толук кавалери, уч­куч-аткыч. 1941-жылдын сентябрынан Сов. Армияда. Улуу Ата Мекендик согуш­та (1941–45) Түш., 4-, 1-Ук­раин ж-а Беларусь фронтто­рунда салгылашып, Таган­рог, Мелитополь, Жанкой, Севастополь үчүн болгон уруштарга катышкан. Ви­тебск, Борисов ш-н бошо­тууга, Сандомир плацдар­мын ээлөөгө, Кёнигсберг ш-н алууга, Чыгыш Пруссияны фашисттерден тазалоого катышкан. Крым үчүн салгылашта­гы эрдиги үчүн 3-даражадагы Даңк орденине, Чыгыш Пруссия операциясына катышканы үчүн 2- ж-а 1-даражадагы Даңк орденине татыктуу болгон. Согуш убагында 203 согуштук учуш жа­сап, душмандын 7 самолётун атып түшүргөн. Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. Түп ж-а Күрмөнтү айылдарындагы бирден көчө анын ысмы м-н аталат.