КАРЫМШАКОВ Абдыкасым

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРЫМШАКОВ Абдыкасым [27. 04.1909 (айрым маалыматтарда 1912- же 1913-жыл деп берилет), Россия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу, Жети-Суу облусу, Пржевальск уезди, (азыркы Ысык-Көл облусу, Түп району)

Күрмөнтү кыштагы – 06. 08. 1997, ошол эле жер)] – Даңк орденинин толук кавалери, уч­куч-аткыч. Мектепте 7-классты аяктагандан кийин Самарканд шаарындагы (Өзбек ССРи) механиктер мектебин аяктаган. 1941-жылы сентябрь айында өз ыктыяры менен Пржевальск шаардык аскер комиссариатына кайрылып, Ленинград шаарындагы учкуч-техникалык мектепти окуп, аба-аткычы адистиигне ээ болгон. Улуу Ата Мекендик согуш­та (1941–1945) Түштүк, 4-, 1-Ук­раин жана Беларусь фронтто­рунда салгылашып, Таган­рог, Мелитополь, Жанкой, Севастополь үчүн болгон уруштарга катышкан. Ви­тебск, Борисов шаарларын бошо­тууга, Сандомир плацдар­мын ээлөөгө, Кёнигсберг шаарын алууга, Чыгыш Пруссияны фашисттерден тазалоого катышкан. Крым үчүн салгылашта­гы эрдиги үчүн 27. 09. 1944-жылы 3-даражадагы (№ 125396), Чыгыш Пруссия операциясына катышканы үчүн 19. 03. 1945-жылы 2- (№ 9967) жана 29. 06. 1945-жылы 1-даражадагы (№ 1807) Даңк ордендерине татыктуу болгон. Согуш убагында жалпы 227 согуштук учуш жа­сап, 52 аба согушуна катышкан жана жеке өзү душмандын 3, жолдоштору менен 4 самолётторун атып түшүргөн. Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери ж. б. медалдар менен сыйланган. Түп жана Күрмөнтү айылдарындагы бирден көчө анын ысмы менен аталат.

Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.