КАРТЫК
КАРТЫК – кыргыз табыптарынын аспабы. Уйдун же топоздун мүйүзүнүн учунан жасалган. Таарылып алынган мүйүздүн көңдөйү тазаланып, ичке учу дагы таарылып, тегизделип ж-а жылмаланып, көзөнөгү тазаланган. К. суук тийген
(жел турган) жерге оңко (мед. айнек банка) сыяктуу коюлган; ооруган жерге К-тын жоон учун коюп, ичке учунан абаны сордуруу жолу м-н дөмпөйтүп, устара м-н чегип кан алуу үчүн да колдонулган.