КАРТРИЖ ДИСК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́РТРИЖ ДИСК (англ. cartridges – картридж) – компьютерден ажыратууга мүмкүн болгон ка­туу дисктин кээ бир тейлегичи. К. д. катуу диск сыяктуу сактоо көлөмү чоң ж-а тез жетүүнү камсыз кылат. Ошону м-н катар флоппи диск сыяктуу портативдүү өндүрүмдүүлүгү жогору бол­гон К. д-тери бир гигабайттан ашык берилиш­ти сактай алат ж-а чоң файлды транспорттоо же маанилүү файлдын көчүрмөсүн сактоодо кол­донулат. Иштин аягында К. д-ти алып койсо болот.