КАРТА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́РТА (гр. chartes – жазууга пайдалануучу папирус барагы же түрмөгү) – 1) жер бетинин, жылдыздуу асмандын же алардын айрым бөлүк­төрүнүн кичирейтилип, матем. жактан аныкта­лып ж-а жалпыланып, шарттуу белгилер м-н тегиздикке (кагазга ж. б.) түшүрүлүшү; маалы­маттары картанын темасына ж-а милдетине жараша болот; мис., географиялык карталар, жылдыз карталары. К. салыштырмалуу түп нус­касына окшош, масштабы, ачык түшүнүктүүлүгү, баяндамалуулугу м-н ил. билим берүүдө геогра­фия, геология, геофизика, социология ж. б. Жер ж-а коом ж-дөгү илимдерде чындыктын сүрөт­түү үлгүсүн берет, о. эле багыттоочу ж-а маалы­мат берүүчү каражат болуп эсептелет; 2) блан­ка; 3) оюн К-сы.