КАРТА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́РТА (гр. chartes – жазууга пайдалануучу папирус барагы же түрмөгү) – 1) жер бетинин, жылдыздуу асмандын же алардын айрым бөлүк­төрүнүн кичирейтилип, математикалык жактан аныкта­лып жана жалпыланып, шарттуу белгилер менен тегиздикке (кагазга ж. б.) түшүрүлүшү; маалы­маттары картанын темасына ж-а милдетине жараша болот; мисалы, географиялык карталар, жылдыз карталары. Карта салыштырмалуу түп нус­касына окшош, масштабы, ачык түшүнүктүүлүгү, баяндамалуулугу менен илимий билим берүүдө геогра­фия, геология, геофизика, социология ж. б. Жер жана коом жөнүндөгү илимдерде чындыктын сүрөт­түү үлгүсүн берет, ошондой эле багыттоочу ж-а маалы­мат берүүчү каражат болуп эсептелет; 2) блан­ка; 3) оюн картасы.