КАРСТ (Словениядагы акиташ тектүү плато)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРСТ , К р а с, Д и н а р а К р а с ы (нем. Karst, словенче Kras) – Словениядагы акиташ тектүү плато (батыш чет-жакасы Италияда); Динара тайпак тоосунун курамында. Истрия ж. а-нан түндүктө. Бийикт. 643 мге чейин (Трстель чоку­су). Рельефтин накта карсттык формалары (во­ронка, кудук, үңкүрлөр), туюк чуңкурдуктар ж. б. мүнөздүү. Агын суу дээрлик жок, өсүм­дүктөрү сейрек. Күрдүү топурактуу чуңкурчак­тарында жүзүм өстүрүлөт. Платодо дүйнөгө бел­гилүү Постойнска-Яма үңкүрү бар.