КАРСТ (Словениядагы акиташ тектүү плато)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРСТ , К р а с, Д и н а р а К р а с ы (нем. Karst, словенче Kras) – Словениядагы акиташ тектүү плато (батыш чет-жакасы Италияда); Динара тайпак тоосунун курамында. Истрия жарым аралынан түндүктө. Бийиктиги 643 мге чейин (Трстель чокусу). Рельефтин накта карсттык формалары (воронка, кудук, үңкүрлөр), туюк чуңкурдуктар ж. б. мүнөздүү. Агын суу дээрлик жок, өсүмдүктөрү сейрек. Күрдүү топурактуу чуңкурчактарында жүзүм өстүрүлөт. Платодо дүйнөгө белгилүү Постойнска-Яма үңкүрү бар.