КАРПИНИ
КАРПИ́НИ Иоанн де-Плано, Жованни Пиано де- Карпини [1182 Италия, Перуджага жакын – 1252, Черногория, Антивари (азыр Бар) ш.] – итал. элчи, саякатчы, кечил. Перуджи ш-нын атактуу үй-бүлөсүнөн. Франциска-минарит кечил орденин негиздөөчүлөрдүн бири. Миссионердик иш м-н Тунисте (1222), Испанияда (1225) болгон. Рим папасы Иннокентий IVнүн тапшырмасы б-ча 1246-ж. элчи катары Моңгол хандыгынын ордосу – Кара-Корумга жиберилген. Ал Богемия, Силезия, Днепр, Дон, Волга, Жайык (Урал), Жети-Суу, Тарбагатай аркылуу келип, Үгөдөйдүн тун уулу Гүйүктү хан көтөрүү салтанатына катышкан. Анын жолдо көргөнүн жазган эмгеги жогору бааланып, кайтып баргандан кийин архиепископ наамын ж. б. сыйлыктарды алган. К-нин чыгармасында («Либеллус хисторикус») азыркы Кырг-н (Түн. ж-а Чыгыш Тянь-Шань), Отрар, Жасы, Сыганак, Сайрам, Ашнас ж. б. ш., о. эле көчмөн моңгол уруулары, алардын турак жай, үрп-адаты, дини ж-а аларга баш ийген элдердин админ.- мамл. түзүлүшү, феодалдык менчик (жайыт), көчмөн калктын феодалдарга көз карандылыгы ж-дө тарыхый маалыматтар камтылган. Бул эмгек ил. чөйрөдө жогору бааланып, англис, француз, орус ж. б. тилдерге которулган.
Ад.: Малеин А. И. Иоанн де Плано Карпини. История монголов. Вильгельм де Рубрук. Путешествие в восточные страны в лето благости 1253. СПб. 1911; Хр ис т ианс кий мир и «В еликая Мон гольская империя». СПб., 2002.