КАРКАС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРКА́С (фр. carcasse – скелет), с ы н ч – кан­дайдыр бир буюмдун, имараттын же курулма­нын айрым-айрым элементтерди өз-ара бирик­тирип куралган сөлөкөтү. К. даярдалуучу мате­риалдын бышыктыгына ж-а туруктуулугуна жа­раша, ар кандай өлчөмдөгү, бийиктиктеги има­раттар ж-а курулмалар салынат. Ошого жара­ша К. жыгач, металл, темир-бетон ж. б. бы­шык материалдардан жасалат. Жыгач матери­алдан (устун) жасалган К. анча чоң эмес би­йиктиктеги имараттарды курууда колдонулат ж-а сыртынан кыш же такта (плита) капталат. Ал эми көп кабаттуу имараттарды курууда, чо­гултулуучу темир-бетондуу К.-панелдүү констр­лар кеңири колдонулат. Алар атайын з-ддордо чоң такта-панель түрүндө даярдалып, пайдубал­га бекитилет. О. эле темир арматурадан шире­тилип, цемент аралашмалары толтурулуп тур­гузулган К. курулуш тармагында кеңири кол­донулууда.