КАРКАС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРКА́С (французча carcasse – скелет), с ы н ч – кан­дайдыр бир буюмдун, имараттын же курулма­нын айрым-айрым элементтерди өз-ара бирик­тирип куралган сөлөкөтү. Каркас даярдалуучу мате­риалдын бышыктыгына жана туруктуулугуна жа­раша ар кандай өлчөмдөгү, бийиктиктеги има­раттар жана курулмалар салынат. Ошого жара­ша каркас жыгач, металл, темир-бетон жана башка бы­шык материалдардан жасалат. Жыгач матери­алдан (устун) жасалган каркас анча чоң эмес би­йиктиктеги имараттарды курууда колдонулат жана сыртынан кыш же такта (плита) капталат. Ал эми көп кабаттуу имараттарды курууда чо­гултулуучу темир-бетондуу каркас- панелдүү конструкция­лар кеңири колдонулат. Алар атайын заводдордо чоң такта-панель түрүндө даярдалып, пайдубал­га бекитилет. Ошондой эле темир арматурадан шире­тилип, цемент аралашмалары толтурулуп тур­гузулган каркас курулуш тармагында кеңири кол­донулууда.