КАРЕНДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРЕНДЕР (өздөрүн пгханьо деп аташат) – Мьянманын түштүгү м-н түш.-чыгышында ж-а Таиланддын түн.-батышында жашаган элдердин тобу. Жалпы саны 5тен 7 млнго чейин (2002). К-де уруулук бөлүнүүлөр сакталган. Алардын не­гизгилери: сго, пво, бве, йао ж. б. уруулар. Диа­лектилери ж-а үрп-адаттары бири-бириникинен кескин айырмаланат. Карен тилдеринде сүйлө­шөт. Динге ишенгендери негизинен – буддист­тер, бир кыйласы христиандар (баптисттер), бир азы салттык динди тутат. К-дин ата-бабалары Чыгыш Тибеттен көчүп келип (б. з. 1-миң жыл­дыгынын ортосунан), Мьянма ж-а Таиланд ай­мактарына отурукташкан. Негизги кесиби – дый­канчылык (күрүч). Тоолук К. буйвол, бука, эчки асырашат. 20-к-дын ортосуна чейин патриар­халдык үй-бүлөгө ылайыкталып, узун салын­ган үйлөрдө жашаган. Эркектер саронг, жеңсиз күрмө же кыска жеңдүү ак көйнөк кийип, ба­шына шарф байланат. Аялдар юбка, жеңсиз кофта кийип, кооздуктарды тагынышат. Дене­лерине татуировка коюшат. Индикытай элде­ринен айырмаланып, тибеттиктер сыяктуу эч­кинин сүтүн ичишет. К-дин улуттук фолькло­ру, музыкасы, ыр, бийлери бар.