КАРЕНДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРЕНДЕР (өздөрүн пгханьо деп аташат) – Мьянманын түштүгү менен түштүк-чыгышында жана Таиланддын түндүк-батышында жашаган элдердин тобу. Жалпы саны 5тен 7 млнго чейин (2002). Карендерде уруулук бөлүнүүлөр сакталган. Алардын не­гизгилери: сго, пво, бве, йао жана башка уруулар. Диа­лектилери жана үрп-адаттары бири-бириникинен кескин айырмаланат. Карен тилдеринде сүйлө­шөт. Динге ишенгендери негизинен – буддист­тер, бир кыйласы христиандар (баптисттер), бир азы салттык динди тутат. Карендердин ата-бабалары Чыгыш Тибеттен көчүп келип (биздин замандын 1-миң жыл­дыгынын ортосунан), Мьянма жана Таиланд ай­мактарына отурукташкан. Негизги кесиби – дый­канчылык (күрүч). Тоолук карендер буйвол, бука, эчки асырашат. XX кылымдын ортосуна чейин патриар­халдык үй-бүлөгө ылайыкталып, узун салын­ган үйлөрдө жашаган. Эркектер саронг, жеңсиз күрмө же кыска жеңдүү ак көйнөк кийип, ба­шына шарф байланат. Аялдар юбка, жеңсиз кофта кийип, кооздуктарды тагынышат. Дене­лерине татуировка коюшат. Индикытай элде­ринен айырмаланып, тибеттиктер сыяктуу эч­кинин сүтүн ичишет. Карендердин улуттук фолькло­ру, музыкасы, ыр, бийлери бар.