КАЗАРМАН
КАЗАРМАН – Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы кыштак, райондун борбору. Каргалык айыл округуна караштуу. Нарын дарыясынын боюнда, деңиз деңгээлинен 1260 м бийикте жайгашкан. Облустун борбору Жалал-Абад шаарынан 145 км. Багыш темир жол бекетинен 106 км. 1916-жылга чейин Ак-Чий, Коён-Токой деп аталган. Калкы 9,1 миң (2009). Кыштакта 20-кылымдын башында орус падышалыгынын 60тай аскери жайгашып, алар өздөрү турган жерди «Казарма» деп аташкан. Кийинчерээк жергиликтүү калк ал жерди Казарман деп атап калган. Төрт орто мектеп, китепкана, кесиптик-техникалык окуу жайы, искусство мектеби, өспүрүмдөр үйү, кинотеатр, маданият үйү, оорукана, парк, базар, сауна бар. Асфальт-бетон, бетон даярдоочу, нан, сүт заводдору, механикалаштырылган көчмө колонна, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт.