КАЗАРМАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗАРМАН – Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы кыштак, райондун борбору. Карга­лык айыл округуна караштуу. Нарын дарыясынын боюнда, деңиз деңгээлинен 1260 м бийикте жайгашкан. Облустун борбору Жалал-Абад шаарынан 145 км. Багыш темир жол бекетинен 106 км. 1916-жылга чейин Ак-Чий, Коён-Токой деп аталган. Калкы 11,1 миң (2022). Кыштакта 20-кылымдын башында орус падышалыгынын 60тай аскери жайгашып, алар өздөрү турган жерди «Казарма» деп аташ­кан. Кийинчерээк жергиликтүү калк ал жерди Казар­ман деп атап калган. Төрт орто мектеп, ки­тепкана, кесиптик-техникалык окуу жайы, искусство мек­теби, өспүрүмдөр үйү, кинотеатр, маданият үйү, оорукана, парк, базар, сауна бар. Асфальт-бе­тон, бетон даярдоочу, нан, сүт заводдору, механика­лаштырылган көчмө колонна, турмуш-тиричи­лик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт.