КАЖЫРАБАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:46, 2 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЖЫРАБАТ – Жалал-Абад облусунун Базар- Коргон районундагы кыштак. Сейдикум айыл ок­ругуна караштуу. Кара-Үңкүр суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 585 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Базар-Коргон кыштагынан 13 км түштүк- батыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 45 км. Кыштак 1950-жылы негизделген. Калкы 2005 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Кесиптик лицей, орто мектеп, китепкана, клуб, медпункт, мончо, почта бар. Пахта даярдоочу пункт, 2 тегирмен, 3 ак жуаз, 2 май жуаз иш­тейт.