КАЖЫРАБАТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАЖЫРАБАТ – Жалал-Абад облусунун Базар- Коргон районундагы кыштак. Сейдикум айыл округуна караштуу. Кара-Үңкүр суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 585 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 13 км түштүк- батыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 45 км. Кыштак 1950-жылы негизделген. Калкы 3479 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Кесиптик лицей, орто мектеп, китепкана, клуб, медпункт, мончо, почта бар. Пахта даярдоочу пункт, 2 тегирмен, 3 ак жуаз, 2 май жуаз иштейт.