КАГАЗДЫ
КАГАЗДЫ – Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы кыштак. Сакалды айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 590 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Масы кыштагынан 6 км батыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 54 км аралыкта. Калкы 1176 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана бар.